Билим берүү министри К. Османалиев кечээ 3-июлда “Корейлердин жалпы улуттук өнүгүү борбору” ассоциациясынын жетекчиси Ли Хен Дю айымды кабыл алды. Жолугушууда билим беруу министри Ли Хен Дю айымга аймактардагы билим берүү тармагына колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы программа жана долбоорлордо министирлик менен ассоциациянын ортосунда биргелешкен кызматташтык жүргүзүүнү сунуштады. Ал эми Ли Хен Дю айым өз кезегинде билим берүү тармагы приоритеттүү багыты болгон ассоциациянын иш максаттары тууралуу кеп салып берген. Бул маалыматты билим берүү министрлигинин маалымат кызматы таркаткан. (ESu)
12:08 “Корейлердин жалпы улуттук өнүгүү борбору” Кыргызстандын аймактарындагы мектептер үчүн 80 проектор берди