Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:42

15:19 Жалалабат облусунда өкмөттүк ссудаларды кайтаруунун абалы жакшы эмес


Быйылкы жылы мурда табият кырсыктарынан жабыр тартып, өкмөттөн материалдык жардам алган 105 үй-бүлөнүн 2 миллион 407 миң сом насыя акчасын мамлекетке төгүүнүн мөөнөтү келди. Анткени аталган ссудаларды кайтаруунун буга чейинки 3-4 жолку мөөнөтү да соңуна чыкты. Бирок табият кырсыктарынан жабыркагандардын насыяларды кайтарууга чамасы келбей жатат. Өткөн айларда ссудалардын эки бүтүн ондон алты пайызы гана жыйналган. Насыя акчаларды кайтаруу бөтөнчө Майлуусуу жана Жалалабат шаарлары менен Сузак жана Базаркоргон райондорунда жакшы уюштурулбагандыгы тууралу маалымат облбийликтин коммуникация жана транспорт жана курулуш бөлүмүнөн алынды. Ошол эле учурда облустагы жардамга муктаж болгон 1127 үй-бүлөгө насыя акчалар бериле элек. Өкмөттүн материалдык резервдер корунан 1817 үй-бүлө үчүн 363 тонна 400 килограмм буудай жазында суу каптаган район-шаарларга алынып келинди. Толук жабыр тартпаган үй-бүлөлөргө 200 килограммдан буудай таркатылып жатат.(YA)

XS
SM
MD
LG