Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:17

15:27 Бишкекте үй-жайсыз жарандардын кайрылуусуна жогорку бийликтен жооп болбоду


Бишкекте өткөн айда турак-жайга муктаж болгон 1800дөн ашык үй-бүлө ээлеринин колу коюлган кайрылуу каты президентке, өкмөткө, Бишкек шаар мэриясына, шаардык архитектура жана курулуш агенттигине жөнөтүлгөн. Алардын көпчүлүгү он жылдан ашык убакыттан бери жерге муктаж болгондордун тизмесинде турушат. Бирок эч кимисине турак-жай үчүн жер ажыратылып берилбеген. Маселени митинг-пикет, нааразылык акциялары менен эмес, мыйзамдуу жолдор менен чечүүнү шаардык мекеме-уюмдар кайдигерлик менен четке кагууда. Бул тууралуу кайрылууну даярдаган борбордогу «Жантай хан» коомдук уюмунун төрагасы Төрөкан Алимов Азаттыктын кабарчысына телефон аркылуу билдирди. Анын айтымында, турак-жайга муктаж адамдардын кайрылуусуна бир да уюмдан расмий жооп болбоду. 4-июлда кайрылуунун жыйынтыгын сурап барган коомдук уюмдун төрагасы Т.Алимовго Бишкек шаардык жер департаментинин кызматкерлери бир жаңсыл жооп айта алган эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG