Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

ТАЛАСТА АТКА МИНЕРЛЕР МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР АЛЫШКАН


Талас районунун тургундары жер чатагы боюнча “Азаттыкка” кайрылышты. Эсеп палатанын текшерүүчүлөрү Талас районуна караштуу Долоно айыл өкмөтүндө айрым жерлерди бийлик өкүлдөрү мыйзамсыз менчиктештирип алышкан деп акт түзүшкөн. Талас райондук мамлекеттик мүлктөрдү каттоо бөлүмүнүн башчысы Эсеп палатасынын текшерүүчүлөрүн туура эмес текшерген деп айыптоодо.

“Азаттыкка” жер чатагы тууралу Талас районундагы Долоно айылынын тургундары Нуркан Жунусбеков жана Батыркул Боронбаев аксакалдар кайрылды. Алардын айтымында, Долон айылы Талас шаарына жакын болгондуктан көптөгөн жерлерди Талас шаарында кызматта иштеген атуулдар мыйзамсыз менчиктештирип алышкан:

- 2000-жылдын 17-апрелинде айылдык Кеңештин чечими боюнча мага бала-чакам бардыгы болуп 4 жарым гектар жер тийген. Бирок ал жерди райондук жер каттоо бөлүмүнүн башчысы жер жок деп ушул күндө чейин ала албай жүрөм. Долоно айыл өкмөтү шаарга жакын болгондуктан жогорку зонадагы айылдардын тургундары бул жерде жашабаса дагы, эмгеги сиңбесе дагы ушул жерден жер алгандыгы көп адамдардын кыжырдануусун туудуруп атат, - деди Долоно айылынын тургуну Батыркул Боронбаев.

Жогорку Кеңештин, Эсеп палатанын ушул жылдын 7-мартында текшерген маалыматы боюнча 67 адам мыйзамсыз жасалма документ менен Долоно айылынан жер алышкан. Тизмеде азыркы учурда Жалалабат облусунун губернатору Искендер Айдаралиев да бар. Ал ошол эле райондогу Көпүрөбазар айылындагы өзүнө бөлүнгөн үлүш жерин Долоно айылындагы жерге алмаштырган. Текшерүүчүлөрдүн маалыматы боюнча жер мыйзамынын 14-статьясы бузулган деп келет. Аталган тизмеде анын бир туугандары Кубанычбек, Бекболот Айдаралиевдердин жана Талас шаарынын салык инспекциясынын башчысы Жусуп Райымкуловдун фамилиялары да жазылган. Эсеп палатасы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгын Талас райондук мүлктү каттоо бөлүмүнүн башчысы Кенжетай Кулешов туура эмес четке кагууда:

- Ким кайсы жерде жашайт биз аны териштирбейбиз. Айыл өкмөтүнүн берген токтому биз үчүн закон. Ошолордун токтомунун негизинде беребиз. Эсептөө палатанын текшерип кеткен иштерине түшүнбөй жатам. Нуржанова Алия дегенди жасалма документтер менен алган деген. Мен текшерип көрсөм, жасалма эч нерсе жок. Айылдык управанын токтому турат. Райымкулов Жусупка жок деп атат. Бул киши Жогорку Сотко чейин барган адам. Жогорку сот мыйзамдуу алган деп атат, ал эми эсептөө палатасы жасалма деп атат. Түшүнүксүз болуп атат.

Долоно айылында жалпысынан жогоруда аталган жерлер боюнча жер салыгына 79 миң сом жыйналыш керек эле, анын ичинен 37 миң сом өндүрүлүп, 42 миң сом калган.

XS
SM
MD
LG