“Адам мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү Кыргыз-Жапон борбору” 15-июндан тарта 2007-жылдын 18-сентябрьна чейин жергиликтүү кол өнөрчүлөргө жаны буюм-теримдери иштеп чыгуу ыкмалары тууралуу бир катар семинарларды өткөрөт. Аталган семинар жапон тажрыйбасынын негизинде болмокчу. Семинар студенттерди, ЖОЖдордун мугалимдерин, дүкөн ээлерин, курулуш компаниялардын, бейөкмөт уюмдардын жана бийлик өкүлдөрүн чогултат.Ал эми өзгөчө көнүл практикалык иштерге бурулмакчы. Семинарлар аяктаган соң көргөзмө уюштурулуп, жапониядан адистер келип долбоордун жыйынтыгын чыгарышы күтүлүүдө. Эң эле көрүнүктүү товарлардын авторлоруна жапон базарларына эчик ачылышы мүмкүн. (ESu)
16:52 Кыргыз-Жапон борбору базардын суроо-талабына негизделген жаны буюм-теримдери иштеп чыгуу семинарларын өткөрүүдө