Сегиз айылды бириктирген Четнура айыл өкмөтү облуста биринчилерден болуп ПРООНдун демократиялык башкаруу программасынын колдоосу менен электрондук айыл өкмөтү болуп калды. Аталган айыл өкмөтүнүн алдында ачылган электрондук маалымат борборунда өкмөттүн иш кагаздары, элеттиктерди кызыктырган паспорт алуу, пособие, пенсия сыяктуу суроолорго дароо жооп алынып, тиешелүү справкалар толутурулат. Айылдыктар бул үчүн облус борбору Нарын шаарына барбай калышты. Ачылуу аземине катышкан БУУнун өнүктүрүү программасынын техникалык кеңешчиси Гизела Наук айым аталган электрондук айыл өкмөтү 8 айылдын карапайым калкына жогорку сапттагы кызмат көрсөтөөрүнө ишеничин билдирди. (JI)