Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЭМНЕГЕ КАТА ЖАЗЫЛАТ?


Кыргызстанда мамлекеттик тил комиссиясы сыяктуу тил жаатындагы мекемелер бир топтон бери иштеп келатышканы менен кыргыз тилине дале жетиштүү көңүл бурулбай жатканы айтыла калат. Маселен, Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактардын жазылышы, алардын кыргызчаланышы олуттуу каталар менен коштолуп, дале сабатсыз болуп жатат дешет. Айрымдар кыргыз тили көрнөк-жарнактарда гана эмес бардык тармактарда баш аламан колдонулуп жатканына капа. Ошентсе да тил саясатын жөндөгөн чиновниктердин айтымында, кыргыз тили улам барган сайын өсүп баратат.

Бишкек шаары түркүн түстөгү көрнөк-жарнактарга бай. Өзгөчө соңку жылдары ишкерлердин активдүүлүгү көрнөк-жарнактардын жана булар менен иштеген ишканалардын көбөйүшүнө алып келди дешет. Бирок көрнөк-жарнактардагы жазуулар кыйла учурларда ката, копол жазылып жаткандыгы көптөгөн жарандарды капа кылууда. Эң оболу бул кыргыз тилине тиешелүү. Анткени ошол каталар жалаң кыргыз тилинде жазылган. Тилчи-журналит, “Заман Кыргызстан” гезитинин башкы редакторунун орун басары Нургүл Максүтованын айтымында, Мамлекеттик тил комиссиясы жер-жерлерде көчмө жыйын куруп жүргөндүн ордуна ушундай башаламандыктарды көзөмөлдөсө жакшы болмок:

- Менин байкашымча тил комиссиясы көчмө жыйындарды жасап, Баткенде, Ошто, Нарында жүрөт. Менимче ошолорду элет жеринен баштабай шаар жеринен баштаса дурус болот эле го. Жанагы котормолордогу жетишпестиктер, кемчиликтер дале жоюлбады. Ал тургай кээде ошол жарнактарды көрүп уяласың.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Ташбоо Жумагуловдун ырасташынча, көрнөк-жарнактарды кыргызчалоодо үч-төрт жылдын ичинде кыйла иштер аткарылды. “Бүткөн ишке сынчы көп, биз көп иштерди аткардык. Бирок уурданып жарнама иле койгондордун жазуулары ката чыгып, бизге сөз тийип атат”,- дейт ал:

- Мындан үч жыл мурун Бишкек шаарындагы көрнөк-жарнактардын 99 %ы расмий тилде болчу. Ошондо эч ким көңүл бурган эмес, эч ким чуу кылган эмес. Улуттук комиссия акыркы үч жылда ушулардын бардыгын мыйзамдын негизинде жөнгө салып, бүгүнкү күндө жарнамалардын 95 %ы оболу кыргыз тилинде жазылат, андан кийин расмий тилде.

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы “Үгүт” жарнама агенттиги шаардагы көрнөк-жарнактарга көз салат. Аларга уруксатты берген негизги орган да ушул мекеме. Агенттиктин уруксат кагаздарын берүү бөлүмүнүн башчысы Канат Кулуевдин айтымында, маселени убагында чечүү үчүн атайын түзүлгөн комиссия айына бир жолу көрнөк-жарнактардагы каталарды, кемчиликтерди аныктап турат. Түзүлгөн комиссияга Мамлекеттик тил комиссиясынан, МАИден, шаардык архитектурадан да өкүлдөр кошулат. К.Кулуев айрым учурларда ката жазылган жарнактарды агенттик өзү оңдоого мажбур болуп жатканын айтат:

- Мобу Совет, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде бир жазуу көпкө илинип турду. “Кыргызстан жалпыбыздын үйүбүз” дегенди “Кыргызстан жалпыбыздын уйубуз” деп коюшуптур. Ошондойлордун негизинде канчалаган чырлар болду дейсиз. Айтып атып араң оңдотуп, кээ бирин өзүбүз барып оңдоп берген учурлар болду.

XS
SM
MD
LG