Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

АМЕРИКАЛЫК АНТИРАКЕТАЛЫК СИСТЕМА МАСЕЛЕСИНЕ НАТО КИЙЛИГИШПЕЙ ТУРАТ


Нарын АЙЫП, Прага 4-июлда Брюссель шаарында НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин элчилеринин жыйыны болуп өттү. Бирок ал жыйында - НАТОго мүчө Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн аймагында америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрүн орнотуу жана аны менен байланыштуу орус президентинин акыркы сунушу талкууланган жок.

Бул маселе боюнча талкуу негизинен Вашингтон жана Маскөө ортосунда жүрүп келет жана орус жетекчилиги андан пайдаланып, Европа мамлекеттери ортосунда араздашуу пайда кылууга аракеттенүүдө деген да пикирлер бар. Ошондуктан, андай араздашууну ырбатпас үчүн, Европа Биримдигине кирген мамлекеттер жана НАТО мүчөлөрү бул маселе боюнча дээрлик эч кандай кызуу талкуу жүргүзбөйт.

Америкалык антиракеталык системанын бөлүктөрү болсо АКШны гана эмес, Европаны дагы мүмкүн боло турган ракеталык чабуулдан коргоого тийиш. Анын алкагында Чехиянын аймагында атайын радар, ал эми Польшанын дэңиз жээгинде он антиракета орнотулаары күтүлүүдө. Бул коргонуу системалары 2012-2013-жылдарда курулуп бүтөт деп пландалган, батыш адистеринин айтымында, 2015-жылдарга карата Иранда - Европага жете ала турган ракеталар өндүрүлүшү мүмкүн.

Ирандан эч кандай коркунуч Европага жок деп мурда айтып келген Орусия болсо акыркы мезгилде андай антиракеталык системага өзү кошулууга аракеттенүүдө. 6-8-июнда Алманиянын Хайлигендамм шаарында өткөн дүйнөлүк саммитте президент Владимир Путин - андай антиракеталык система куруу үчүн Азербайжандын Габала деген жеринде мындан 20 жыл мурда курулган радар станциясын пайдаланууну сунуштады.

АКШ ал сунушту четке какпаганы менен, Чехия жана Польша менен байланышкан пландарын уланта турганын билдирди, анткени Габаладагы станция ракеталар кайдан учурулганын аныктай алганы менен, аларга каршы атыла турган антиракеталарды башкара албайт.

Ошондуктан 1-2-июлда орус жана америкалык президенттер АКШнын Каннебанкпорт шаарында жолукканда, Путин жаңы сунуш менен чыкты: "Эгер керек болсо, бул ишке - биз Азербайжандан ижарага алган Габала радар станциясын гана эмес, башка станцияны дагы колдонууга бере алабыз. Габала станциясын дагы оңдоп-модернизациялоого даярбыз жана ал дагы жетпесе, Орусиянын түштүгүндө жаңы курулуп жаткан станцияны берүүгө дагы даярбыз", - деди Путин 2-июлда.

Америкалык президент аны кызыктуу идея деп атаганы менен, жооп азырынча айтыла элек, бирок көптөгөн батыш эксперттеринин пикиринде, Вашингтон баары бир Чыгыш Европада антиракеталык система куруу планынан баш тартпайт.

Орусиянын биринчи вице-премьер министри Сергей Иванов 4-июлда Ташкенге келгенде, эгер Маскөөнүн сунушуна АКШ макул болсо, анда, биринчиден, Орусия өзүнүн батыш аймактарына кошумча ракета орнотпойт жана, экинчиден, жаңы "кансыз согуш" башталышы мүмкүн деген сөздөр дароо токтойт деп билдирди.

Ивановдун айтымында, америкалык система Чыгыш Европада орнотулуп жаткандыктан, ошол Чехия жана Польшанын элдеринин пикирин дагы угуш керек. Бирок айрым элдик каршылыкка карабай, Чехия менен Польшанын өкмөттөрү америкалык планга макулдугун берди, ал эми Европанын башка мамлекеттери - маселени ырбатпас үчүн, ага кийлигишпей турат. Ошондой эле турумду азырынча НАТО уюму дагы карманууда.

XS
SM
MD
LG