Британиянын премьер-министри бүгүн билдиргендей бул өзгөчө саламаттыкты сактоо тармагында иштеп жаткан мигранттарга тиешелүү. Өкмөттүн мындай чечими өткөн жумада Лондон жана Глазго шаарларындагы жардыруу аракетине тиешеси бар делип бир нече адам кармалгандан кийин кабыл алынды. Кармалгандардын баары Британиянын саламаттыкты сактоо кызматы тарабынан ишке алынган чет өлкөлүк тургундар болгон.