Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

АЛАН АМАН-ЭСЕН БОШОТУЛДУ


Палестинада Би-Би-Синин кабарчысы Алан Жонстон бошотулду. Ал туткунда дээрлик төрт айды өткөрдү. Алан Жонстон Газа секторунда туруктуу иштеген батыштык кабарчылардан жалгызы эле. Журналисттин кесиптештери, үй-бүлөсү анын туткундан аман-эсен чыккандыгы тууралуу кабарды кубаныч менен кабыл алышты.

Алан Жонстонду уурдап кеткендер бүгүн эртең менен аны учурда Газа секторун көзөмөлдөгөн Хамас кыймылынын өкүлдөрүнө өткөрүп беришкен. Ал телеге Хамастын лидерлеринин бири, жакында өкмөт таратылганда автономиянын премьер- министрлигинен четтетилген Исмаил Хания менен чогуу чыгып, өзүн бошотуу үчүн аракеттенгендердин баарына ыраазычылык билдирди. Туткундагы төрт айлык жашоосун мындайча мүнөздөдү:

- Акыркы он алты апта мен үчүн өмүрүмдөгү эң оор учур болгону айныксыз. Мен чыныгы турмуштан кол үзүп, тирүү көмүлгөндөй болдум. Маал-маалы менен коркутуп турушту. Мен коркунучтуу жана болжолдоого болбой турган адамдардын колунда элем. Мунун баары качан жана эмне менен бүтүшүн билбөө өтө оор.

Алан Жонстон быйыл 12-мартта уурдалган. Аны уурдагандар кийинчерээк өзүн Ислам армиясынын өкүлдөрү деп жарыялашкан эле. Көп таанымал эмес бул согушчан топ британ түрмөлөрүндөгү мусулмандарды абактан бошотуу жөнүндөгү талабы аткарылбаса, кабарчынын өмүрүн кыярын эскертишкен. Алан Жонстондун айтымында, ал абакта 24 саат бою чынжыр менен отурган, бирок акыркы жарым саттагы бир окуяны эске албаганда, аны уруп-сабашкан эмес, радио угуп турууга мүмкүнчүлүгү болгон.

Мындан эки апта мурун ал жанкечтинин курун тагынып турган видеотасма көргөзүлгөн болчу. Анда Жонстон өзүн бошотуу боюнча аракеттер күч колдонуу менен коштолсо аны жардырып жиберишерин баяндаган. Эми ал аман-эсен бошотулгандыгы жөнүндөгү жаңылыкты үй-бүлөсү, кесиптештери кубаныч менен кабыл алышты. Би-Би-Синин маалымат кызматынын директору Хелен Боуден буларды айтат:

- Биз Аландын аман –эсен бошотулушуна зор кубанычтабыз жана укмуштай жеңилдедик. Анын бошотулушу үчүн талыкпастан жана жарыя кылбастан иштеген адамдардын баарына ыраазыбыз. Бул өтө оор мезгил жана албетте баарыбызды кармап турган нерсе – бүткүл дүйнө боюнча адамдардын болуп көрбөгөндөй колдоосу болду. Биз эч качан жолукпаган адамдар Аланга ачык колдоо көргөзүштү.

Айткандай эле журналисттин бошотулушун талап кылган демонстрациялар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө өткөн эле. Ал эми ушундай мүнөздөгү катка Интернет аркылуу 200 миңдей киши кол койгон. Алан Жонстон эркиндикке чыккан соң белгилегендей, жакында Газа секторунда бийликти Хамастын ээлеши жана коопсуздукту жакшыртуу жөнүндөгү убадасы анын бошотулушун шарттады. Кыймылдын лидерлеринин бири, мурдагы премьер- министр Исмаил Хания мындай дейт:

- Бул окуянын ийгиликтүү аякташы үчүн олуттуу жумуш жасалды. Биз кыраакылыкты, акыл-эстүүлүктү көргөздүк. Мунун баары бизге кырдаалды палестиндер үчүн татыктуу чечүүгө жардам берди.Бул палестин элинин бедели үчүн жакшы.

Хамасчылар Газа секторундагы бийликти өткөн айда палестин президенти Махмуд Аббастын Фатх кыймылынын күч менен тартып алган эле.
Хамастын саясий лидери Халед Машаалдын айтымында, журналисттин бошотулушу Фатх администрациясынын алсыз жактарын ачыкка чыгарды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG