Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

ТЕРРОРЧУЛУК БОЮНЧА МААЛЫМАТТАРГА ИНТЕРНЕТТЕ ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН


Нарын АЙЫП, Прага Европа Биримдигинин комиссары Франко Фраттининин айтымында, террорчулук жүргүзүү боюнча маалыматтарды интернет аркылуу таратууга тыюу салынууга тийиш. Биримдик ал тууралуу атайын мыйзамдар топтомун даярдап жатат жана чечим күзүндө кабыл алынышы мүмкүн.

Көптөгөн террордук уюмдар дүйнөдө бир-бири менен интернет аркылуу байланышат жана тиги же бул аракетти көрүү үчүн буйруктар дагы интернет аркылуу жасалат. Кат жазып, же телефон аркылуу сүйлөшкөндө, полиция андай маалыматтарга оңой ээ болушу мүмкүн, интернет сайттарга салынган маалымат болсо дээрлик эч көзөмөлгө алынбайт, ал эми кыйытып айтылган сөздөрдү террорчулар өздөрү гана түшүнсө, дүйнөнүн тиги же бул бурчунда даярдалып жаткан аракеттер жөнүндөгү маалыматты коопсуздук кызматтарынан жашыруу оңой.

Аны менен катар айрым террордук уюмдар интернетке - бомбаны кантип жасоо жөнүндөгү маалыматтарды дагы салып коет, аны окуп алган өспүрүмдөр болсо, жөн гана кызык бир нерсе жасаш үчүн андай инструкциялар менен бомба жасап, эч кандай террордук уюмга мүчө болбосо дагы, террордук аракет көргөндөрдүн катарына кошулушу мүмкүн.

Европа Биримдигинин укук маселелери боюнча комиссары Франко Фраттини 3-июлда билдиргенге караганда, азыр Биримдикте бир нече мыйзам даярдалып жатат, алар күзүндө кабыл алынса, мисал үчүн, бомбаны кантип жасоо боюнча маалыматтар интернетте жарыяланса, андай сайттардын ээлери жазаланат.

Кайсы бир сайттарды жаап салуу техникалык жактан кыйын эмес: "Ар бир өлкөнү интернет менен камсыз кылган бир нече интернет компаниясы бар. Өлкө өкмөтү андай компанияларга баланча адрестерди жаап салгыла десе, аларды жабуу мүмкүн жана кийин сиз ал адрестерди ачайын десеңиз, экранга эч нерсе чыкпайт. Аны жасаш оңой эле", - дейт "БиТи Каунтерпейн" деген компьютерлик компаниянын адиси Брюс Шайер.

Бирок Интернет компаниялар ассоциациясы ошол эле 3-июлда еврокомиссардын сөздөрүн сынга алды, алардын пикиринде, интернет почта кызматы сыяктуу иштейт жана интернетти техникалык жактан камсыз кылган компаниялар жарыяланган маалыматтардын мазмунун өзгөртүүгө катышпаш керек. Ассоциациянын айтымында, эгерде алардын аракеттерин чектөөгө багытталган мыйзамдар кабыл алынса, алар ага каршы мыйзам чегинде укуктук аракет көрөт.

Британия өкмөтүнүн өкүлдөрүнүн айтымында болсо, Британияда катталган интернет-сайттарды андай мыйзамга баш ийдирип, бомба жасоо боюнча маалыматтарды жарыялаган компанияларды Британиянын ичинде жабуу мүмкүн, бирок башка мамлектетерде катталган сайттарга андай аракет көрүү бир топ укуктук кыйынчылыктарга такалышы мүмкүн. Адистердин айтымында болсо, кайсы бир алыскы, же майда мамлекеттерде катталган, же жасалма документтер менен түзүлгөн сайттардын ээлерин таап, аларды мыйзамга баш ийдирүү техникалык жактан дагы кыйын маселеге айланышы мүмкүн.

Комиссар Фраттининин билдиргенине караганда болсо, аталган мыйзамдан тышкары башка да чаралар пландалып жатат, мисал үчүн, Европа Биримдигине авиажол менен келген жүргүнчүлөр жөнүндө толук маалымат чогултуу аракеттери дагы көрүлөт. Биримдик менен АКШ ортосунда жакында андай келишим түзүлдү.

XS
SM
MD
LG