Эл аралык билим берүү боюнча америкалык кеңештин (ACCELS) англис тил мугалимдери үчүн программасынын алкагында сынактан өткөн окутуучулар беш ай бою тил үйрөтүүдөгү тажрыйбасын байытат. Аларга жаңы окуу курстарын иштеп чыгуу боюнча семинарлар өткөрүлөт. Сынакка окутуучу болуп эки жылдан кем эмес иштегендер катыша алат жана жаш жагынан чек жок. Документтер август айына чейин кабыл алынат. (EBM)