Мындай чечим Эларалык Олимпиада комитетинин Гватемаледеги жыйынында кабыл алынды. Атаандашууга Орусиядан Сочи, Түштүк Кореядан Пхенчхан жана Австриядан Зальцбург шаарлары катышкан эле. Ошентип Советтер Союзу кыйраган 1991-жылдан бери Олимпиада оюндары Орусияда биринчи жолу өтө турган болду. Москвада 1980-жылы жайкы Олимпиада оюндары өткөн.