Шаршембиде казак президенти келерки айдагы шайлоонун акыйкат жана эркин болушун кепилдөөгө сөз берди. Нур-Отан партиясынын сессиясында Нурсултан Назарбаев элдин колдоосуна ээ болгон партиялар парламенттик мандаттарга ээ болот деген ишенимин билдирди. Анын пикиринде, Нур Отан кайрадан парламенттин төмөнкү палатасында көпчүлүк добушка ээ болот. Назарбаев мунун алдында аталган партияга төрага болоорун жарыялаган.
Казакстанда бийликти колдогон партиялар ирилешкенден кийин, бүгүн каттоодо 12 партия калды. Бирок президент өлкөгө эки күчтүү партия болсо жетиштүү деп эсептейт:
- Парламентте 10-20 партия болгондо депутаттар айлап, жылдап өкмөттү шайлай албай турганын билебиз. Алар өз ара ит жыгылыш болушат, ал эми мамлекеттин кызыкчылыгы четте калат.
Назарбаев шайлоого Нур Отан партиясы билим берүү, арзан турак-жай, саламаттык жана газ бөлүштүрүү тармактары боюнча күчтүү программа менен барууга тийиш экендигин да белгиледи.
Жергиликтүү саясат таануучу Айдос Саримов Нур Отанга министрлер менен акимдердин киргени экономика үчүн пайдалуу болот деп эсептейт.
Ал эми оппозициядагы Жалпы Элдик Социал-демократиялык партиянын мүчөсү Серикбай Алибаев Азаттыкка партиялардын санын азайтуу аракети өлкө үчүн пайда алып келбейт деген кыжаалат оюн мындайча билдирди. Ушул жайдын башында Казакстанда конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президент саясий партиянын ишине катыша алат деген жобо кабыл алынган.
Нур Отан партиясы башында Отан деп аталчу. Назарбаевдин демилгеси менен түзүлгөн партияга былтыр анын кызы Дарига негиздеген Асар, андан көп өтпөй, Казакстандын Жарандык партиясы кошулган. Ал эми жыл аягында Отан Нур Отан деп атын өзгөрткөн. Бул партиянын 700 миң мүчөсү бар. Алардын саны оппозициядагы партиялардын мүчөлөрүнөн көп деп болжолдонот.
Анын аралыгында, Казакстандын экономикасындагы жакынкы прогноз тууралуу маалым болду. Өлкөнүн алтын жана чет элдик валюта түрүндөгү резерви быйылкы жылдын аягына чейин 40 миллиард долларга жетмекчи. Дүң өндүрүшү киши башына 7 миң доллар болот. Бул 2004-жылга караганда эки эсе өсүштү билдирет.