Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:04

15:30 Жалалабат облусунда АБР колдогон суу түтүгү ишке кирди


Баасы төрт жарым миллион сом турган суу түтүгү Сузак районундагы Бостон айылында пайдаланууга тапшырылды. Айыл калкы долбоорго ылайык курулуштун 5 пайыздык акысын толук топтоп, 15 пайыз кара жумуштарына катышкандыктан суу түтүгү үч айда бүткөрүлгөн. Курулуштун ишке берилишин губернатордун орунбасары Айбек Акбаров менен республикадагы айыл калкын суу менен камсыздоо департаментинин деректири Нурмамат Муллакелдиев куттуктап сүйлөштү. Учурда облуста Азия өнүктүрүү банкынын таза суу чыгаруу боюнча 14 долбоорунун курулушу жүрүүдө.Санитардык-эпидемия кызматы облустун 25 пайыз айыл-кыштагында суу жоктугунан Ноокен районунда ич келте дарты чыкканын билдирген.(YA)

XS
SM
MD
LG