Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:15

15:44 Жалалабатта диний кызматкерлердин өз ара мамилесин талкуулаган жыйын өттү


Жалалабат шаарындагы медресенин имамдыгы талашка түшүп, ага кызыкдар ажы, имам-молдолордун тобу облустук бийликке арызданып келишкен. Өз ара кер-мур айтыша кеткен ажыларды губернатордун 1-орунбасары Жаныш Курбанов жоошутуп, жаатташкан тараптарды маселени тынчтык жолу жана казыяттын алкагында чечүүгө чакырды. Облустун мурдагы казысы Дилмурат ажы Орозов борбордук мечит менен медресче имамдыгын талашпагандыгын билдирди. Талкууга катышкан бийлик өкүлдөрү менен имам-молдолордун көнүлүн өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирер диний экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүүнүн зарылдыгына бурду. Анын белгилешинче мечиттин имамдыгын талашуунун ордуна имам-молдолор илим-билимин тымызын иш жүргүзгөн Хизбут тахрир, Акрамий, Салафий өндүү жашыруун уюмдардын таасирин жоюуга жумшаса болмок. Облуста 447 мечит, 7 медресе менен христиандык жана диний экстремисттик бир нече уюмдар бар.(YA)

XS
SM
MD
LG