Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:05

15:55 2006-жылдын башынан тарта күч органдарынын кароолуна укук коргоочулар менен аялдар көп илинүүдө


Мындай маалыматты “Адам эркиндигин, ар-намысын жана колтийбестигин коргойбуз” деп аталган иш-чаранын уюштуруучулары таратты. Анда айтылган фактылар боюнча Жалалабаттагы “Справедливость” бейөкмөт уюмунун кызматкерлери Валентина Гриценконун жана Наргиза Турдуеванын үстүнөн сот иши башталганына бир жылдан ашты. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициясынын аймактык жетекчиси Арзыкан Момунтаева жана “Аялзат” коомдук уюмунун лидери Лира Тантабаева милициянын убактылуу камоочу жайында бир нече күн камалып чыгышкан. Апрель митингдерине катышкандыгы үчүн “Интербилим” коомдук борборунун жетекчиси Асия Сасыкбаева менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери тарабынан бир нече жолу адвокатсыз суракка алынган. Мындан тышкары “Андаш”, “Жерүй” алтын кендеринин иштетилүүсүнө каршы болгон бир нече укук коргоочулардын камакка алынуусу да азыркы бийлик тарабынан адам укугуна жана эркиндигине чек коюуга жасалган аракеттер катары бааланган.

XS
SM
MD
LG