Шотландиянын Эдинбург шаарындагы дин тутунган адамдар диний конфессиялар аралык футбол оюнун 7-июлда өткөрүүнү мерчемдешкендиги жана ага мусулмандардын, буддисттердин, христиандардын, сикхилердин командалары катышары, чогулган акча “Хабитат-Кыргызстан” корунун эсебине жиберилери жөнүндө Эдинбургдун “Кечки жаңылыктар” гезити жарыя кылды. Бул жаңылыкты Кыргызстандагы колу жука адамдарга жөнөкөй, арзан үй салып берүү менен алектенген “Хабитат-Кыргызстан” кору биринчилерден болуп уккан.
- Алар менен эки-үч жылдан бери тыкыс байланыш кармап келебиз. Өткөн жылы шотландиялык Питер Кларк деген адамдын жетектөөсүндө жоон топ адам келип, Кыргызстандын чыныгы жашоо-турмушун, үй-жайга муктаждыгын өз көздөрү менен көрүп кетишкен. Делегация курамында жумушчулар да, аскер адамдары да, мугалимдер да, христиан, мусулман дин кызматкерлери да бар болчу,-дейт кордун жетекчиси Марат Жийдебаев.
“Хабитат-Кыргызстан” кору негизинен Бишкек шаары менен Ысыккөлдүн Барскоон аймагында аялмет адамдарга үй курат. Меймандар өткөн жылы “Хабитаттын” иштерине ыйман-кызматы катары жогору баа беришип, Бишкектин Боталиев-Кызылкыя көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш иштерине кадимкидей катышыптыр. Ал тургай кызыгып олтуруп эки жума бою соопчулук иретинде иштеп беришиптир.
Дин тутунган адамдардын футбол ойноп – акча таап, аны кайрымдуулук иштерине чегерерине байланыштуу Бишкек шаарындагы Азрети Умар атындагы ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов өз пикирин билдирди:
- Шотландиялыкпы, башка жактыкпы, бир элдин кыйынчылыгына жардам бериш үчүн спорт акциясын өткөрүп, анын негизинде каражат чогултуп, кайрымдуулук ишин жасаса – анын эч айыбы жок. Маселен, биздин шариятта мелдешкен эки жак өздөрү ортого акча коюп, анан жеңгени тигини алып кеткенди жектейт. Кумар болуп калды деп эсептейт. Ал эми үчүнчү жак байге койсо, аны жеңип алса – адал.
Абдышүкүр Нарматов спорт багытындагы адамдарды Жараткан да жактырарын кошумчалап өттү. Андыктан ислам университетинин студенттерин да футбол сыяктуу оюндарга жакын болууга тарбиялап жатыптыр. Ал эми Шотландиянын Эдинбург шаарындагы диний конфессиялар аралык футбол мелдешинде белет баасынан сырткары дагы көптөгөн адамдар кошумча акча таштап – Кыргызстандагы аялмет адамдардын эптеп үйлүү болуп калышына жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле шотландиялыктар диний конфессиялар аралык футбол оюнун андан ары да улантуу ниетинде.
Эл аралык “Хабитат-Интернейшнль” уюмунун бутагы болгон “Хабитат-Кыргызстан” коруна шотландиялык акция өткөрүүчүлөр август айында келишерин, демек, каржылык колдоолорун ошондо тапшырышарын билдиришти.