Мындай расмий билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети таратты. Анда айтылгандай, Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпар Арыкованын мыйзамсыз ишке баруусуна кайсы өлкөнүн атайын кызматтары аралашкан, аны менен кармалган жаран кимдин кызыкчылыгы үчүн иштегенин тергөө иштери, ал эми алардын күнөөсүн сот гана аныктайт. Кыргыз-Кытай коопсуздук кызматташтыгы жылуу, достук мамиледе болуп келген жана мындан ары да улана бермекчи, деп жазылган билдирүүдө.