Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

2014-ЖЫЛКЫ КЫШКЫ ОЛИМПИАДА ОТТОРУ СОЧИДЕ КҮЙӨТ


Гватемаланын борборунда өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин 119-сессиясында 2014-жылдын кышкы олимпиадалык оюндарынын борбору аталды. Финалдык баскычка чыккан үч талапкер шаардан Орусиянын Сочи шаары жеңип чыкты.

Жыйырма экинчи кышкы Олимпиаданы кабыл алуу укугуна үч шаар – Орусиянын Сочи, Австриянын Зальцбург жана Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарлары атаандашты. ЭОКтун сессиясында Сочинин бетачаар аземине Орусиянын президенти Владимир Путин катышып, кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө баардык шарт бар экенин айткан. Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөлөрү добуш беришкенде биринчи турда Австриянын Залцбург шаары өтпөй калды. Экинчи чечүүчү турда Орусиянын Сочи шаарына артыкчылык берилип, 20-кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүү укугуна ээ болду.

Адегенде оюндарды өткөрүүгө бул үч шаардан сырткары дагы төрт шаар – Казакстандын Алматы, Грузиянын Боржоми, Болгариянын София жана Испаниянын Хака шаарлары талапкер болушкан. Бирок 2006-жылдын 22-июнунда ЭОКтун аткаруу комитети аларды талапкерлердин эсебинен чыгарган.

Эларалык Олимпиада комитетинин Гватемаледеги жыйынындагы чечимин кыргызстандык спорт коомчулугу да кубануу менен кабыл алышты.

Өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун пикиринде бул жагдай Кыргызстанда кышкы спорттун өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Атаандашууга Орусиядан Сочи, Түштүк Кореядан Пхенчхан жана Австриядан Зальцбург шаарлары катышкан эле. Ошентип Советтер Союзу кыйраган 1991-жылдан бери Олимпиада оюндары Орусияда биринчи жолу өтө турган болду. Москвада 1980-жылы жайкы Олимпиада оюндары өткөн.

Сочиде мурда болуп келген спорт ардагери Эркин Абдылдаевдин айтымында шаардын жаратылыш шарты кышкы олимпиаданы өткөрүүгө ыңгайлуу.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Орзубек Назаров жалпы орусиялыктарды жеңиши менен куттуктап, Сочиде кышкы олимпиаданын өтүшү кыргыз спортунун өнүгүшүнө да таасирин тийгизээрин белгиледи.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Виктор Харченко
элчи Валентин Власовдун маалымат каражаттары аркылуу Сочи шаарынын талапкерлигин колдогон мекендештерине жана тилектештерге ыраазычылык билдиргенин айтты. Шериктеш өлкөлөрдөгү кышкы спорттун өнүгүшүнө жакшы ыңгай түзүлөөрүн, Орусиянын дүйнөлүк спорттогу кадыр-баркынын дагы жогорулаганын Виктор Харченко белгиледи.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмаз Касенов шериктеш өлкөнүн кышкы олимпиадалык эстафетаны алышын кубаттап, орусиянын спортчулары менен биргелешип машыгуулар, кызматташуулар тереңдей берээрин айтты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG