Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

2014-ЖЫЛКЫ КЫШКЫ ОЛИМПИАДАНЫ ӨТКӨРҮҮ УКУГУ СОЧИГЕ ЫЙГАРЫЛДЫ


2014-жылкы кышкы Олимпиада Россиянын Сочи шаарында өтмөй болду. Мындай чечим кечээ түн ичинде Эларалык Олимпиада комитетинин Гватемалада өткөн сессиясында кабыл алынды. Добуш берүүнү түз эфирде көрүп турган сочиликтер эртең мененкиге чейин майрамдашты. Сочинин ийгилигине президент Путиндин кайрылуусу чоң салым кошту, дешет байкоочулар.

-Олимпиада жөнүндөгү кыял миллиондогон орус жарандарынын башын бириктирди. Спорттун кышкы түрлөрү Россияда абдан популярдуу. Биздин спортсмендер көптөгөн жеңиштерге жетишкен жана Олимпиада кыймылына ири салым кошушту. Бирок биздин өлкө кышкы Олимпиаданы кабыл алуу сыймыгына ээ болгон эмес. Сочи эң татыктуу тандоо болот деп убада кылабыз, - деди Путин Эларалык Олимпиада комитетинин мүчөлөрү алдында сүйлөгөн сөзүндө.

Көптөрү орус мамлекет башчысынын англис, француз жана испан тилинде жасаган кайрылуусу Сочинин жеңишинде негизги ролдордун бирин ойноду дешет.

Биринчи айлампада 3 талапкердин ичинен Австриянын Зальцбург шаары эң аз добуш алып, жарыштан чыгып калды.

Экинчисинде Сочи Түштүк Кореянын Пйончанг шаарын 4 добуш менен жеңди. Эларалык Олимпиада комитетинин төрагасы Жак Рогге 22-кышкы Олимпиаданын кожоюнун расмий жарыялады.

Россиянын спорт министри, хоккей боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону Вячеслав Фетисов көптөгөн жакшы капитандардын жетекчилигинде ойногонун, бирок Путин эң мыктысы деп, презилденттин Сочинин ийгилигине кошкон салымын белгиледи.

Британиялык “Гардиан” гезитинин спорттук баяндамачысы Дункан Маккэй да Путиндин ролу чоң болду деген ойго кошулат:

-Албетте, бул ири фактор болду. Эларалык Олимпиада комитетинин мүчөлөрүнө дүйнөлүк лидерлер таасир тийгизбей койбойт. Биз буга эки жыл илгери Сингапурга Британ премьери Тони Блэр барганда күбө болдук. (Лондон анда 2012-жылкы жайкы Олимпиаданы өткөрүү укугуна ээ болгон). Сочи бул факторду жакшы пландап колдонду. Соңку көзүр катары Путиндин кайрылуусун бааласа болот.

Жарыштар өтө турган аянтчалардын даярдыгы жана техникалык жактан алганда Сочи Зальбург менен Пйончангга уттурат. Маселен, Олимпиада өтчү Красная Поляна курортунда азыр бир эле асма жол бар.

Бирок Кремль аны эң мыкты лыжа аймагына айлантууга убада берип келатат. Бул куру сөз эместигин далилдөө үчүн орус өкмөтү 12 миллиард доллар бөлүү чечимин кабыл алды.

Бирок эң негизгиси дагы алдыда. Майрамдык шаан шөкөт аяктагандан кийин Сочи 2014-жылга даярдык көрө баштамакчы.
XS
SM
MD
LG