Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

7:38 23-июндагы авиакырсыкты иликтөө боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү бүгүн Нарын облусуна барышат


Өкмөттүк комиссия кечээки жыйынында бул окуянын чоо-жайын иликтеп жаткан жумушчу топтун иши менен жеринде таанышып келүү чечимин кабыл алды. Өткөн айда чукул кырдаалдар министрлигине таандык ЯК-40 учагы Нарын шаарын көздөй баратып, техникалык себептен мажбур конууга аргасыз болгон. Андан экипаждын 5 мүчөсү жана 9 жүргүнчү өз алдынча чыккандан көп өтпөй учак толугу менен күйүп кеткен эле. Расмий маалыматтарда учактагы топ жергиликтүү аэропорттордун абалы менен таанышуу максатында баратканы айтылган. Өрттөнүп кеткен учак иликтөө иштери бүткөнгө чейин кайтарууга алынган.(SM)

XS
SM
MD
LG