АКШ авиабазасын өлкөдөн чыгаруу талабы коюлган пикет эртең база жайгашкан «Манас» аба майданынын аймагында өткөнү жатат. Анда америкалык базанын жана Кыргызстандын жетекчилигине он талап коюлаары кабарланууда. Алардын катарында кыргызстандык жаранды атып өлтүргөн АКШ аскер кызматкерин Кыргызстандын карамагына өткөрүп берүү, базага байланыштуу эки тараптуу макулдашууну кайра кароо, базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу мөөнөтүн аныктоо сыяктуу талаптар бар. (SM)