Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

9:16 “Ураган” операциясынын жүрүшүндө 331 кылмыштын бети ачылган


ИИМдин алдындагы Кылмыштарды иликтөө боюнча башкармалыктын кызматкерлери ШКУнун саммитине даярдануу боюнча иш-чаралардын алкагында “Ураган” аттуу операция өткөрдү. Ички иштер бөлүмүнүн 2413 кызматкери катышкан операциянын жүрүшүндө 331 кылмыштын жүзү ачылган. Алардын арасында оор жана өтө оор деп сыпатталган кылмыштар дагы бар. Мындан сырткары дайынсыз жоголгондор жана кылмыш жасап, качып жүргөндөрдүн айрымдары кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, ушул сыяктуу операциялар ШКУнун саммити башталганга чейин бир нече жолу өткөрүлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG