ПАСЕнин президенти Рене Ван дер Линден Түштүк Казказ өлкөлөрүндө 6 күнгө созулчу иш сапары менен жүрөт. Бүгүн анын Грузияга келээри күтүлүүдө. Ал грузиндер менен осетиндер ортосундагы чыр-чатактын чечилишине аракет жасамакчы. Кечээ Ереванда өткөргөн маалымат жыйында ПАСЕнин башчысы 12-майда өлкөдө өтө турган парламенттик шайлоону колдоорун айтты. Ошондой эле Азербайжан бийлигин демейде шайлоодо орун алчу ар кыл мыйзам бузууларга жол бербөөсүнө чакырды.