Ооган президенти Хамид Карзай Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердимухаммедов менен газ маселесин талкуулоо үчүн Түркмөнстанга учуп келди. Эки күндүк сүйлөшүүлөрдөгү негизи маселе 2 миллиард долларга бааланып жаткан Түркмөнстандан Индия аркылуу Оганстан менен Пакистанга газ ташуучу куурларды жаткызуу долбоору. Эгерде бул долбоор ишке ашса, оогандар үчүн 12 000 жаңы иш орду түзүлөт.