Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:56

ЧЫГЫШ ЕВРОПА ЖУМУРИЯТТАРЫ ҮЧҮНЧҮ ОЛУТТУУ ӨЗГӨРҮҮ АЛДЫНДА ТУРАТ


Нарын АЙЫП, Прага Дүйнөлүк банк жакында чыгарган отчетто келтирилген маалыматтарга караганда, Чыгыш Европа жумурияттарынын калкы карып баратат жана аны менен байланыштуу келерки 15-20 жылда бир топ маселе чыгышы мүмкүн. Ошондуктан бул мамлекеттердин жетекчилиги азыртан чара көрүүгө тийиш.

Дүйнөлүк банктын отчетунда 28 жумурияттагы абал каралган, алардын ичинде Босния менен Чехия, Словения менен Грузия, Орусия менен Казакстан дагы бар. Бул жаңы эгемендүү мамлекеттердин калкынын жалпы саны 400 миллионго жетет, алар ыкчам өнүгүүдө, бирок азыртан алардын баарына таандык бир кемчилик байкалууда - алардын калкы карып баратат жана абал азыркыдай өнүксө, 2025-жылы Чыгыш Европа жумурияттарында жашагандар дүйнөдөгү эң кары адамдар болот.

Жыйырма сегиз мамлекеттин калкынын жалпы саны болсо 24 миллионго азаят, алардын 17 миллион 300 миңи - Орусияга туура келет. Акыркы 15 жылдын ичинде Орусиянын калкы ансыз деле алты миллионго кемиген, бирок келерки жылдарда бул көрүнүш ого бетер күчөйт. Украинанын калкы келерки 20 жылдын ичинде 12 миллионго, Грузияныкы 800, ал эми Казакстандыкы 300 миңге азаят деп күтүлүүдө.

Жашы алтымыш бештен ашкандардын саны, мисал үчүн, Боснияда 2025-жылы азыркыдан эки эсеге көбөйөт, Грузия болсо калкынын бештен бирин жоготот. Мындай көрүнүш дээрлик бардык өнүккөн мамлекеттерде байкалууда, бирок алардын бир адамга туура келген кирешеси бир кыйла жогору, Чыгыш Европада болсо андай өнүгүү деңгээли жетиле элек жана маселелер чыгышы мүмкүн.

Эң негизги маселе болсо - калктын карыганы менен байланыштуу жумуш курагындагылардын саны азаят жана аны менен кошо - келерки жылдарда өндүрүштүн өнүгүүсү азыркы абалга караганда анча-мынча төмөндөйт деген прогноздор дагы бар.

Ошондуктан бул жумурияттардын өкмөттөрү азыртан чара көрүүгө тийиш, андай кадамдардын бири - пенсияга чыгуу жашын өйдөлөтүш керек жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жолдорун издөөгө тийиш. Ал үчүн пенсиялык жана социалдык системаларды карап чыгып, аларды реформалаш керек. Андан тышкары, карыган адамдарды жумушка тартып, жумуш ордунда күнүнө толугу менен сегиз саат эмес, андан аз отуруу же үйдө отуруп иштөө ыкмаларын киргизе баштаган жакшы.

Дүйнөлүк банктын айтымында, мисал үчүн, Украинада азыр пенсияларга Италия короткондой каражат коройт, бирок эки мамлекеттин бюджетинин киреше жагын салыштыруу мүмкүн эмес.

Банк чыгарган отчеттун авторлорунун бири Гордон Бечермандын айтымында, күтүлүп жаткан демографиялык өзгөрүүнү жаңы эгемендүү жумурияттар үчүн үчүнчү олутту өзгөрүү деп атаса болот: "Бул демографиялык өзгөрүү менен аталган мамлекеттер Берлин дубалы кулагандан кийинки мезгилде үчүнчү олуттуу өзгөрүүдөн өтөт деп эсептесе болот. Биринчи эки өзгөрүү - саясий жана экономикалык реформалар менен байланыштуу болгон. Бул мамлекеттер коммунисттик тартип менен план экономикасынан - демократия жана эркин экономикага өткөн", - дейт Дүйнөлүк банктын экономисти Бечерман.

Кыргыз парламенти болсо жакында пенсияга чыгуу жашын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабал алды.

XS
SM
MD
LG