Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:54

ӨЛҮМДҮН БААСЫ ДА ӨСҮҮДӨ


Ички миграциянын өсүшүнө байланыштуу борбор шаарыбызда жылдан жылга көрүстөндөр да көбөйүп, жер тарыгандан тарып барат. Буга байланыштуу маркумга жай сатып алуу, сөөк койуу баасы да өсүп, көрүстөн жайгашкан жерлерде эколгоиялык коркунчтар пайда болуп, бир кезде айтыла калып жүргөн өлүк өрттөөчү жай куруу зарылдыгы келип чыгууда, деп жазган «Заман Кыргызстан» гезити, маселен шаар этегиндеги Орок жаңы конушунун тургундары айыл көрүстөнүнө сөөк койуу үчүн 5 миң, жай казганына 2 жарым миң сомдон төлөшөрүн, Ороктун маале башчысы мүрзөгө деген бааны өзү каалагандай бычарын, жакында эле Темиркалый деген аадамдын 27 жаштагы кызы каза болуп, жай казганга жер алалбай жатып 7 жарым миң сом төлөгөн соң араң алганын… ушинтип өлгөндө да азап-тозокту баягы эле жону жука карапайым кыргыздар тартып жатканын «Өлүм баасы канча турат?» деген макаласында баяндады.

«Агым» гезити Кыргыз филармониясынан бошоп кетүүгө мажбур болгон Кыргыз эл артиси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, атактуу ырчы Саламат Садыкованын ал-абалын сурап кайрылганда, ырчы, анын кетишине кызыкдар болгондор муну чымын чакканчалык да көрбөгөнүн, ак ит, кара ит-баары бир ит экенин, кыргыздар кодулап, батырбай жаткан ырчыны казак бийлигинин ырасмий өкүлдөрү келип, толук шарты менен үй берели, көкөлөтүп көтөрүп жүрөлү, болгону казак калкынын байрагы болуп желбиреп бериңиз деп 2003-жылы эле суранганда баш тартып койгонун, эми ошол Астана эларалык фестивалга ардактуу мейман болуп кетиңиз деп чакыруу жиберип, ошол жакка жөнөп баратканын айтып жооп берген.

«Кыргыз руху» гезити ЖК төрагасы Марат Султановдун кийинки президенттик шайлоого даярданып жатканы тууралуу сөз эми имиш деңгээлинен өйдө көтөрүлүп, кадыресе коомдук пикирге айланып баратканын, бирок бир кездеги эчкимге аты белгисиз, болгону КГБ кысымына кабылган Абдразак Султанов деген атанын баласы кийин Акаевдардын аркасы менен аты чыкканын, Акаев убагында ал Улуттук банкты, Каржы министрлигин жетектегенин, бир чети Таласка күйөө бала болсо, бир чети Майрам Акаеванын көзүнө түшкөнүн… кыскасы Марат мырзанын бактысын ачып, жылдызын жандыргандар Акаевдар болушканын… бирок Кыргызстанда Султановдордон да татыктуу, Мекен деп күйгөн жигиттер көп экенин, бир гана айыбы алардын Аскар Акаев сыяктуу колдоочусу жок экенин жазды. Гезит ошондой эле келечекте президенттикке талапкер болот деп жүргөндөрдүн дагы бири Каржы министри Акылбек Жапаровдун башынан ылдый жакында бирөөлөр заказ менен ылай төгүп жибергенин да кошумчалады.

Кыргызстан Европанын өнүккөн өлкөлөрүн мындай кой, суу-энерготармагы боюнча зор мүмкүнчүлүгү колунда турап Казакстан менен Орусиядан артта калгандыгын, эгер өнүккөн өлкөлөрдө электр энергиясын жоготуу деңгээли 12-15 пайызды түзсө, Кыргызстанда ал 50 пайызды түзөрүн, мындай болтурбоо үчүн тармакты менчик колдорго өткөрсөк эле уурдап-талоо жок болот деген ой жаңылыштык экенин, тескерисинче мамлекеттин карамагындагы ишканага караганда жеке менчик ишкана алда канча көп уурдаарын, анан ушундай кырдаалда Камбар Ата-1 жана Камабар Ата-2 ГЭСтерин куруунун мааниси бар беле деп суроо койду көз карандысыз эксперт Уларбек Матеев «МСН суббота» гезити аркылуу. Андан көрө дейт ал, иштеп аткан электр стансаларын тартипке салып, кайсыл жерде уурдап-талоо болсо ошол жерди элге ачык көрсөтүп, таза иштегенде эле бардык маселе ордуна келмегин, анткени Кыргызстанга келген чет өлкөлүк ишкерди биринчи ирээтте энергетика тармагын реформалоо эмес, бийлик чокусунда коррупцияга батып олтургандар менен тезирээк тил табышып, өз чөнтөгүнө иштөө кызыкчылыгын жүзөгө ашыруу көбүрөөк кызыктырарын баяндаган.

«Новый Кыргызстан» гезити, тыңчылык кылды деп айыпталып, абакта жаткан Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын айланасындагы окуяга пикирин сурап кайрылганда, белгилүү саясат таануучу Александр Князев, Кыргызстандын күч органдарында америкалык кеңешчилердин таасири күчтүү экендигин, бирок кытайлык аналитиктер менен сүйлөшкөндө алар Кыргызстандын тышкы саясаттагы багытына түшүнбөй жатышканын айтса, белгилүү дипломат, коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков, мындай кабарды угары менен таң калганын, эгер эле Кытайга жашыруун маалымат керек болсо аны Жогорку Кеңештин бир жөнөкөй кызматкерисиз эле ондогон башка жолдор менен ала аларын, дегинкиси бул олдоксон окуя үч уктаса түшкө кирбеген нерсе экенин, бул өндүү өтө эле ойлонулбай жасалган эси жоктукка мамлекет башчылары көңүл бурбайт деп эсептээрин айткан.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG