Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:05

ТАЛАСТА КӨП КАБАТТУУ ҮЙЛӨРДӨ СУУ ТАРТЫШ


Талас шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн өйдөңкү кабаттарына таза суу чыкпайт. Жашоочулар ар кайсы бийлик өкүлдөрүнө аталган маселе тууралу кат жөнөтүшүүдө. Суу башкармалыгынын башчысынын айтымы боюнча тургундардын таза сууга болгон карызы 2 млн. сомду түзөт.

Талас шаарында 1998-99-жылдардан баштап көп кабаттуу үйлөрдүн 4-5 кабаттарына суу такыр жетпейт. Алар сууну 1-2 кабаттардан чакалап ташышат. 25 жылдан бери Талас шаарында 5 кабаттуу үйдүн төртнчү кабатында жашап, жогоруда аталган көйгөйдү башынан өткөрүп жаткан Чынара Алыбаева:

- 1999-жылдан бери өйдөңкү кабатка суу такыр чыкпайт. Түтүктөрдү алмаштыргыла деди, алмаштырдык. Мэрияга да кат менен кайрылдык. Ылдыйкы кабаттан чакалап суу ташып атабыз, өтө кыйын экен. Чыркырап суу жок деп эле жатабыз.

Суу кенен чыгып, ылдыйкы кабатта жашап жаткан Гүлзина Муктарова үстүңкү кабатта жашаган кошуналар тынбай суу ташыгандыктан аларга ыңгайсыз абал түзүлүп жатканын айтууда:

- Төлөмдү ай сайын эле төлөп атабыз. Үстүңкү кабаттагы кошуналар бардыгы бизден суу ташышат. Бизге да ыңгайсыз болуп жатат.

Ал эми Талас шаарынын суу башкармалыгынын башчысы Шамиль Акматов элдин сууга болгон карызы бүгүнкү күндө 2 млн. сомду түзүп жатканын айтып, жогоруда аталган маселеге төмөнкүчө жооп берди:

- Азыркы күндө суу жетишсиз болуп атат. Өткөн жумада канча жылдан бери ремонттолбогон насосторду жаңырттык. Жер тамдагылар көбүнчө огороддорун сугарышат, ошол маалда чынында эле суу жетпей калат.

Шамиль Акматовдун берген маалыматы боюнча азыркы тапта Талас шаарындагы айрым мекеме, уюмдар таза сууга болгон төлөмдөрдү төлөбой келишүүдө. Облустук администрация 77 миң сом, шаардык билим берүү бөлүмү 22 миң сом, Түр балдар жана кыздар лицейи биригип 400 миң сомду төлөбой келишүүдө. Бул төлөбөгөн мекемелердин айрымы гана. Азыркы учурда талас шаарын каржылап жаткан эки суу насосу иштеп жатат. Алар 68, 72-жылдары курулган. Ошол жылдардан бери суу насостору капиталдык ремонттон өткөн эмес. Былтыркы жылдан бери АРИС программасынын каржылоосу менен ремонт жасалып дагы бир суу насосу орнотулуп жатат. АРИС программанын өкүлдөрүнүн айтымы боюнча аталган долбоорго 18 млн. сом жумшалууда.

XS
SM
MD
LG