4-июлда Атбашы районунда сунун жээгинде белгисиз адамдын өлүк денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө өлгөн адам Акмоюн айылынын 32-жаштагы тургуну Марсбек Чекиров экендиги аныкталды. ИИМнин басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, бул кылмышты жасаган деген шек менен Атбашы айылынын тургуну Абдыкадыр Абдырахманов камакка алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, экөөнүн ортосунда чыр чыгып, Абдырахманов М. Чекировду күрөктүн сабы менен бир нече жолу урган. Андан соң анын денесин сууга ыргытып жиберген. (ZMa)