Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:23

12:13 К. Бакиев: Жогорку Кеңеш Баш мыйзамдын долбоорун август-сентябрда карап баштайт


Президент Бакиевдин айтымында, Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун августтун этегинде же сентябрдын башында карап баштай алат. Бул тууралуу Бакиев РИА “Новости” маалымат агенттигине берген интервьюсунда билдирди. “Конституциялык реформа уланууда жана анын бардык жүрүшү Баш мыйзамдын өзүндө көрсөтүлгөн тартипте өтүп жатат. Белгилүү болгондой, өлкөнүн башкы юридикалык документине толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн киргизилиши, коомчулук тарабынан кызуу талкууну жаратты. Долбоор кабыл алынса, бул өлкөнүн конституциялык өнүгүүсүндөгү жаңы кадам болуп калат. Узакка созулган саясий талаш-тартыштардан тажаган жарандар өзүнүн күнүмдүк иши менен алектенет”,-деди президент. Бакиевдин айтымында, өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген Баш мыйзамды ал ушул жылы 10-апрелде Жогорку Кеңешке сунуш кылган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG