Жалалабатта маалымат каражаттарында этникалык сабырдуулук маселеси кандай чагылдырылып жатканын талкуулаган семинар башталды. Анда айтылгандай, этникалык мамилелер жаатында көйгөйлөр көп болгону менен ал проблемалар маалымат каражаттарында толук чагылдырыла бербейт. Эл достугун чыңдоонун ордуна калемгерлер саясатчылар менен бир ууч адамдардын жетегинде калып, улуттар аралык мамилени туура эмес чагылдырып, кырдаалды курчутуп ийгендери болгон. Мындай кемчиликтерге журналисттер этникалык мамиле тууралуу сабатынын жана адистик денгээлинин төмөндүгүнөн туш келишет. Борбордун деректири Махамаджан Хамидов мисал иретинде кыргыз-тажик жана кыргыз өзбек чек ара окуялары тууралу жакында жарыяланган маалыматтар бир жактуу болгондугунан коомчулукта тескери түшүнүк пайда болгондугун билдирди.Эки күнгө созулчу семинар-талкууну Улуу Британиянын Казакстандагы элчилигинин колдоосу менен Ош шаарындагы Социалдык маалымат жана изилдөө борбору өткөрүп жатат.(YA)