Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

14:15 Президент К. Бакиевдин Ош областындагы иш сапары уланууда


Өлкө башчысы бүгүн Ноокат районунда жана Ош шаарында болуп, айрым ишканалардын, дыйкан чарбалардын абалы менен таанышты. Бүгүн эртең менен президент Ноокат-Көкбел-Папан жол участогуна барды. Ал жергиликтүү элдин демилгеси менен ашар жолу аркылуу курулуп жатат. Ал эми кечээ К. Бакиев Алай районунда “Айылбанктын” ачылыш аземине катышты. Прездиенттин маалымат кызматы кабарлагандай, президенттин Ош областына болгон сапырынын биринчи күнүнүн жыйынтыктоочу объектиси Гүлчө айылында жайгашкан “Айылбанкынын” филиалы болду. Жергиликтүү калк менен жолугушуу учурунда мамлекет башчы К. Бакиев областтык деңгээлде бири бирин кайталаган, эффктивдүү эмес мамлекеттик мекемелер кыскара турган жардыка кол койгонун айтты. “Област губернаторлору өздөрү жетектеген аймактын социалдык-экномикалык өнүгүүсү үчүн президенттин жана өкмөттүн алдында жооп берет”, деп билдирди президент. (MSu)

XS
SM
MD
LG