Сабировдордун укугун коргоп жаткан “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Азиза Абдрасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Сабыржан Сабировдун уулдары Абубакры жана Ибрагим Сабировдордун иши боюнча 2007-жылдын 24-апрелинде Лениндик райондук соту чечим чыгарган. Ага ылайык, А.Сабировго кылмыш кодексинин 104,156-беренелери боюнча «Адам өмүрүнө кол салды» деген айып тагылып , ал 8 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал эми кичүүсү И. Сабиров 7жылга кесилген. Бирок кодекстин 63-беренесинде каралган мунапыска ылайык, алардын мөөнөтү шарттуу болсун деп өзгөртүлгөн. Жыйынтыгында, соттун чечими менен Ибрагимовдор шартуу түрдө 3 жылга кесилген. Ал эми атасы С. Сабиров каза болгондугуна байланыштуу, ага каршы козголгон кылмыш иши токтотулган.
Тергөөнүн жүрүшү жана соттун чечими акыйкат болгон жок деп, өткөн жылы 27-февралда айыпталуучунун атасы Сабыржан Сабиров парламенттин алдында өзүн-өзү өрттөп жиберген . Эки күн өтпөй, 1-мартта С. Сабиров көз жумган.