Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

17:15 Таласта журналисттер маалымат таратуунун мыйзамдуу жолдору тууралуу сабак окушту


Тренинг Талас шаарындагы ресурстук борбордо кечээ күнү башталып, бүгүн аяктады. “Медиа өкүлчүлүк” институтунун өкүлү Илим Карыпбеков маалымат чагылдырууга мыйзамдын негизинде кандайдыр бир булактарга таянып, багыттама жасап, адамдын аброюна шек келтирүүдөн сактануу керектигин түшүндүрдү. Жергиликтүү журналисттер жашыруун диктофонго маалыматты жаздырып алуу, интервьюну кантип алыш керек, юридикалык жана жеке адамдын статустары, алар эмнеге жооптуу тууралуу суроолорго түшүндүрмө алышты. Тренинге он массалык маалымат каражаттын өкүлдөрү катышты. 2004-2005-жылдары “Талас турмушу” гезитинин кабарчысы Козубек Иманкулов жана “Эркин тоо” гезитинин кабарчысы Батыркул Боронбаевдер маалыматты басма сөз каражатында туура эмес чагылдырган деген факты менен алардын үстүнөн кылмыш иши козголуп, сотто айыптары угузулган. (UA)

XS
SM
MD
LG