Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

11.00 Америкалык аскерий базаны Кыргызстандан чыгарууну талап кылган митинг өттү


Бүгүн «Манас» аба майданында жайгашкан америкалык аскерий базанын жанында АКШ аскерлерин Кыргызстандан чыгарып кетүүнү талап кылып бир катар жергиликтүү уюмдар жана саясий партиялар митинг өткөрүштү. Митингке "Америкалык аскерий базаны чыгаруу" коомдук бирикмеси, Либералдык- прогрессивдик, «Содружество» жана пенсионерлер партиялары катышты. Алар америкалык базаны Кыргызстандан чыгарып кетүү, кыргыз жараны Александр Ивановду атып өлтүргөн америкалык жоокер Закари Хэтфилдти жазалоо, аскер базанын кыргыз экологиясына тийгизген таасирин иликтөө үчүн атайы комиссия түзүү тууралуу талаптарын билдиришти. Бул талаптар жазуу түрүндө америкалык аскер базанын жетекчилигине жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигине тапшырылды. АКШнын аскер базасынан митингчилер менен сүйлөшүүгө эч ким чыккан жок. Бул туурасында АКШнын базасын Кыргызстандан чыгаруу үчүн уюшулган коомдук бирикменин жетекчиси Александр Типеров «Азаттыка» билдирди. АКШнын базасын өлкөдөн чыгаруу тууралуу Кыргызстандын расмий позициясын жарыялоону сунуштаган кайрылуу кыргыз жогорку бийлиги-президентке, өкмөт башчыга жана парламент спикерине мурда тапшырылган. (SKz)

XS
SM
MD
LG