Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

14:10 Ысыккөлдө ЖКК уюмундагы мамлекеттердин аскерий-спорттук мелдеши аяктады

Жамааттык Коопсуздук Келишими (ЖКК) уюмуна мүчө мамлекеттердин «Союз-2007 -Ысыккөл» аттуу аскерий-спорттук топторунун мелдешинин башкы максаты- мамлекеттер аралык кызматташууну жогорулатуу, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга көмөктөшүү жана жаңы муунду патриоттук мүнөздө тарбиялоо деп жарыяланган. Мелдешке бардыгы тогуз топ катышты. 13-16 жаштагы жеткинчектерден турган командалар спорттун ар кыл түрлөрү жана аскерий машыгуулар боюнча күч сынашты. Биринчи орунда Казакстандан келген команда, экинчиде- Кыргызстан жана үчүнчү орунда Орусиянын командасы. Мелдештин жабылыш аземине мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров, парламент спикери Марат Султанов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов жана башкалар катышты. (SKz)
Куржундар
XS
SM
MD
LG