Пакистан президенти Первез Мушарраф Исламабаддагы Кызыл мечитти ээлеп алган исламчылар колго түшүп, куралдарын тапшырууга тийиш деп билдирди. Андай болбосо, алар жок кылынат деп эскертти Мушарраф. 3-июлдан бери динчил студенттер менен копсуздук күчтөрүнүн тирешүүсү уланып жатат. Ошондон берки кармаштан 20 чакты адам набыт болду.