Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:41

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Дүйшөмбүдө Караколдо Чолпонатада өткөн “Ысыккөл-2007” жайкы эс алуу сезонунун ачылыш салтанатынын гала концерти болду. Чолпонатада өткөн салтанатка жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да келишти. Ал эми музыка жана күлкү өнөрүнүн элүүгө жакын өкүлдөрү көрүүчүлөргө төрт сааттан ашык концерттик программасын тартуулашты. Көрүүчүлөр концерт ойдогудай өткөнүн белгилешип, мындай иш-чара мындан ары да жылына уланса деген ойлорун айтышты. Бул маданий иш-чараны“Куйручук” маданий борбору сырттан келген конокторго Ысыккөлдү даңазалап, кыргыз элинин маданиятын көрсөтүү максатында уюштурду. Оюн башталган күнү милиция кызматкерлеринин кайдыгерлигинен жүздөн ашуун билети жок көрүүчүлөр эшик тоскондорго баш бербей концертке кирип кетишти. Концерттин уюштуруучусу Борончу Кудайбергеновдун айтуусунда иш-чараны өткөрүүгө он миң доллардын тегерегинде акча жумшалган. Бирок ал бекер кирип кеткендердин айынан кеткен чыгым акталган жок.

-Сезондун жабылышын август айынын аягында мындан да жогорку денгээлде өткөрөлү деген тилегибиз бар. Башкача айткана коңшулаш мамлекеттерден ырчыларды чакырып кыргыздын каада-салт, үрп-адаттарын чагылдырган театралдаштырылган оюн-зоокторду, улуттук ат оюндарын өткөрөлү деп ниеттенип жатабыз- деп билдирди Борончу Кудайбергенов.


Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү кыргыз улуттук академиялык драма театрында Бексултан Жакиевдин пьесасынын негизинде коюлган “Жолугушуу” спектаклинин премьерасы болду. Спектаклде негизинен эки жаштын сүйүүсү, ошондой эле турмушта болуп жаткан көйгөйлүү маселелер баяндалат. Тактап айтканда адамдардын бири-бирине болгон кайдыгерлиги, көрө албастыгы чагылдырылат.

Жетимишинчи жылдары жазылган бул пьесаны алгач Ош кыргыз драма театрында Искендер Рыскулов сахналаштырган. “Андан бери канча жыл өтсө да, пьесанын идеясы актуалдуулугун жоготкон жок. Себеби андагы окуялар бүгүнкү күндүн көйгөйлүү маселелери менен байланышкан”-дейт автор Бексултан Жакиев. Оюнду коюу үчүн 70 миң сомдун тегерегинде акча жумшалаган. Ал каражатты маданият жана маалымат министрлиги бөлгөн. Бул оюн Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын сексен биринчи театралдык сезонундагы экинчи премьера.

Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде немец фотосүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Көргөзмөдө алты фотосүрөтчү Германияны, шаарларын, борбору Берлинди немец элинин турмушун чагылдырган жөнөкөй жана түстүү фотосүрөттөрүн коюшкан. Германиядан келген фотосүрөтчү Андрес Рост мырзанын айтымында бул фотосүрөттөр бири-бирине окшош болгону менен, ар бир сүрөтчү өзүнүн фантазиясына, көз карашына жараша берген. Бул эмгектер Берлиндин жашоосун чагылдырган даректүү кадрлар болуп эсептелет.Бул эмгектерге карата кыргыз сүрөтчүлө ар кыл баарларын беришти. Кээ бирлери мыкты тартылыптыр дешсе, айрымдары немис фотосүрөтчүлөрү эмгектеринин сапаты менен гана мактанса болот экен деген пикирлерин билдиришти. Ал эми сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Карабек Артыкбаев бул сүрөттөр сапаты жагынан жакшы болгону менен, чыныгы чыгармачылык мамиле жок экен деген оюн айтты. Немис сүрөтчүлөрүнүн айтымында көргөзмөдө коюлган эмгектер алардын сүрөттөрүнүн аз гана бөлүгү. Буга чейин мындай көргөзмөнү бир катар өлкөлөрдө уюштурушкан.
“Ордо Сахна” фольклордук этнографиялык ансамбли Өзбекстанда өтүүчү фестивалга даярдыктарды көрүшүүдө. Ошондой эле “Жалындуу аттар” аттуу компакт диск чыгарууну ниет кылып жатышат. Ансамблдин комузчусу Руслан Жумабаев билдиргендей, ыр жыйнактын бет ачаар аземин күзүндө өткөрүшөт.

Өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрына “Улуттук” деген статус берилди. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай театрга мындай статус улуттук жана дүйнөлүк драматургияны даңазалаганы, өлкөнүн театр көркөм өнөрүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Сентябрь айында Ысыккөлдө эл аралык кинофестиваль өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди. Катчынын айтымында кинофестивалда Армения, Түркия, Индия жана башка бир катар өлкөлөрдөн өкүлдөр катышат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG