Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:52

13:06 Бүгүн Кыргызстан жана Кытайдын тышкы иштер министрлери жолугушту


Анда эки өлкө ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды. Анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык-транспорт байланыштарын бекемдетүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Траптардын белгилешинче, эки мамлекет ортосунда кызматташтык мурункудан жогорку баскычка өттү. Мындан тышкары Кыргызстандын айыл-чарбасына, туризмди өнүктүрүүгө, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга, Ош, Сарыташ, Иркештам авто жолдорун курууга инвестицияларды тартуу маселеси тууралуу да сөз болду. Э.Карабаев менен болгон жолугушуудан кийин Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечини өкмөт башчы Алмаз Атамбаев кабыл алат.
Кытай дипломатынын расмий сапарынын башкы максаты август айында Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине, Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзиньтаонун Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо болуп саналат. Кытайдын башкы дипломаты эртең, 9-июлда ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кенешмесине катышат. (MSu)

XS
SM
MD
LG