Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

16:35 Эртең маданият жана маалымат министрлигинин мандайында пикет өтөт


Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованы жумуштан алып салгандыгына наарызылык көрсөтүп, маданият жана маалымат министрлигинин мандайында пикет өткөрөөрүн көз карандысыз журналист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул иш-чара тууралуу С. Садыкова өзү маалым эмес. “Мен Саламат Садыкова менен сүйлөшкөндө, ал жумуштан кетүүгө аргасыз болгонун айтты. Албетте бул жерде ага кысым болгону түшүнүктүү. Мен анын күйөрманы болом, С. Садыкованын чыгармачылыгын урматтайм. Ошондуктан бул маселеге кайдыгер карай албай, ушул митингди уюштуруп жатам”, дейт Ө. Токтобаев.

“Камбаркан” ансамблинин ырчысы С. Садыкова жумушунан кеткенине бир ай болуп калды. Анын кызматтан кетишине ушул жылдын апрель айындагы митингдерде катышкандыгынан улам, жетекчилиги кысым көрсөткөнү себеп болгон деп айтылып жүрөт. (MSu)

XS
SM
MD
LG