Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:06

ГЛОБАЛДЫК КЛИМАТТЫ КОРГООГО ТИЛЕКТЕШТИК КОНЦЕРТИ


Кечээ дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө эң белгилүү ырчылардын катышуусунда 24 сааттык концерт болду. Сиднейде башталып, Бразилия менен АКШда аяктаган марафон кеңири коомчулуктун көңүлүн Жер шарындагы климаттык өзгөрүүлөргө тартуу максатында өткөрүлгөн.

Бул концерт Кошмо Штаттардын мурдагы вице-президенти Ал Гордун колдоосунда өттү. Концерт Сидней, Токио, Йоханнесбург, Шанхай, Гамбург, Лондон, Вашингтон, Нью-Жерси жана Рио-д-Жайнейродо болду. Ага Мадонна, Metallica, The Police жана башка даңазалуу ырчылар менен музыкалык топтор катышты.

Музыка каналдарынын рейтингтеринде жогорку орундардын бирин ээлеп жүргөн барбадостук ырчы Рианна өз өнөрүн токиолуктарга тартуулады. Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында Рэгги поптун аткаруучулары UB-40 тобу 10 миңдей күйөрманды чогултту.

Концерт аба ырайынын өзгөрүшү кандай кесепет алып келип жатканын көргөзгөн видеокадрлар менен коштолуп турду. Ал Гор Оскарга татыган документалдык тасмасында адам баласынын чарба жүргүзүшү Жердин ысышына, климаттагы олуттуу өзгөрүүлөргө алып келүүдө деп ырастатайт.

Нью-Жерсиде өткөн концертте сүйлөгөн сөзүндө Гор абага бөлүнүп чыккан уулуу газдардын көлөмүн кыскартууга үндөдү:

-Бардыгыңарды жана ар бириңерди төмөнкү антка кошулууга үндөйм: Жерди булгаган заттарды азайтууну караган эларалык келишимге менин өлкөмдүн кошулушу үчүн аракет көрөм. Аталган келишим өз убагында кабыл алынса, келечек муун таза планетада жашайт.

Концерттин уюштуруучулары аны түз же Интернет, телевидение аркылуу 2 миллиарддай киши көрдү деп билдиришти.

Бул демилгени сындагандар да болбой койгон жок. Бирок уюштуруучулардын ырастоосунда, концерттер учурунда кайра иштетиле турган материалдар колдонгон, артисттерди ташыган унаа үчүн эмиссиясы төмөн күйүүчү май пайдаланган жана көрүүчүлөргө коомдук транспорт колдонуу чакырыгы жасалган.

Иш-чарадан түшкөн каражат Гор менен экологиялык топтордун жетекчилигиндеги “Климатты коргоо альянсына” жиберилмекчи.

XS
SM
MD
LG