Ал жылдар “массалык репрессиялар доору” деген атка конгон. ФСБнин архивдер бөлүмүнүн жетекчиси Василий Христофоровтун айтымында, ар бир жаран керек болгон учурда документтерди окуй алат. Ал үчүн адегенде коопсуздук кызматынын борбордук архивине кайсы документ керек экенин түшүндүргөн кат жиберүү зарыл.