Ирандын тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Мохаммад Али Хосейни Ирандын Ирактагы элчисинин Багдадда камакта жаткан ирандык 5 киши менен жолуккканын бышыктады. Хоссейнини ырастоосунда, элчи камактагылар менен 5 саат сүйлөштү. Туткундар күнөөлүү эместигин айтып, аларды бошотууну өтүнүштү. Ирандын өкмөтү Иракты аларды кое берүүгө үндөдү. Сөз болгон беш ирандык адам январда АКШнын аскерлери тарабынан кармалган. Алар Ирактагы козголоңчуларга жардам беришкен деп шектелүүдө.