Бул жумада “Тандем” тамаша тобунун куудулдары Жакут Сыдыков жана Назира Жетигенова эстрада ырчыларынын коштоосунда Нарын, Ош, Жалал-Абад, Талас облустарын кыдырышып, концерттик программасын тартуулашат.
9-июлдан тартып, 15-июлга чейин Чолпонатада музей кызматкерлери үчүн семинар өтөт. Аны үчүн бир катар өлкөлөрдөн адистер келет.
Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрынын чыгармачыл жамааты бул жумадан тарта ишке чыгышып, жомокторду тартуулашат. Ошондой эле театрдын 70 жылдыгына даярдыктарды көрүшөт. Бул туурасында аталган театрдын жетекчиси Абдыкадыр Жакшылыков кабарлады.
“Калемгер” адабий клубу жазмакерлер үчүн аңгемелерге жана пьесаларга республикалык адабий сынак жарыялады. Бул сынакка чыгармалар октябрь айынын онуна чейин кабыл алынат.
“Альхаят” галлереясында Виктор Тюриндин жеке көргөзмөсү өтүүдө, ал эми бул жумада Жылдызбек Молдахматов, Мурат Бекжанов, Харис Сидиков, Флекман жана башка ушул сыяктуу бир катар сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө ачылат. Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде да ушул күндөрү бир катар көргөзмөлөр өтүп жатат.
“Кыргыз артекс” борборунда сүрөтчү Ормонаалы Идирисовдун жеке көргөзмөсү өтүүдө. Көргөзмө 17-июлга чейин созулат.
Айжан Шаботоева,Бишкек