Мындай пикирин укук коргоочулар Азиза Абдырасулова менен Төлөкан Исмаилова «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүнө жооп берип жатып билдиришти. Алардын катарында Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынышын келтиришти. Укук коргоочулардын көз карашында, Арыкова коркутуп-үркүтүүнүн курмандыгы болууда. Ошол эле учурда парламент комиссия түзүү аркылуу анын укугун коргоо аракетин кылган жери жок. Укук коргоочулар мындай мамилени парламентте аял депутаттардын жоктугунун таасири катары белгилешти.
Кошумчалап койчу жагы укук коргоочулар Кыргызстанда адам укуктарын жана эркиндиктерин чектөө күч алгандыгын эскертүү максатында 6-июлдан тарта кол топтоо компаниясын башташты. 10-декабрга чейин алар 1 миллион кол тотоону максат кылышты (BuS)