Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

15:49 Россия ШКУ ишмердүүлүгүнө байкоочулар көп болушуна кызыкдар


Бул тууралуу бүгүн министрлер кеңешинин кезектеги жолугушуусунан кийин уюштурулган маалымат жыйынында Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Министрдин айтымында, байкоочуларды ШКУнун органдары аркылуу эле эмес, конкреттүү долбоорлордо да кызматташтыкка тартуу керек деп эсептейт. 16-августка белгиленип жаткан ШКУ саммитине байкоочу катары Монголиянын, Ирандын, Түркменстандын, Ооганстандын мамлекет башчылары, Индиянын, Пакистандын тышкы иштер министрлери катышаары күтүлүп жатат. Ошондой эле БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун президент Курманбек Бакиев тарабынан ШКУнун Бишкек саммитине катышууга чакырылган. (BuS)

XS
SM
MD
LG