Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

16:39 Э. Карабаев: Кошуналык достук жана кызматташтык жөнүндөгү келишим ШКУнун башкы документи болот


ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин Бишкек отуруму 16-августка белгиленген Бишкек саммитинин күн тартибин талкуулап, бекитти. Отурумда министрлер ШКУнун баш катчысы Болот Нургалиевдин өткөн жыл үчүн берген отчетун угуп, канагаттандырарлык баа беришти. Жыйындын катышуучулары ШКУну эл аралык коопсуздукту сактоодо маанилүү роль ойной турган эл аралык кадырлуу жаңы уюм катары баалашты. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эднан Карабаев министрлер жыйынын ШКУнун геосаясий жана геоэкономикалык деңгээлдеги мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жасалган жаны кадам катары баалады.Министрлер кеңешинин отурумуна Кытайдын Ян Цзечи, Россиянын Сергей Лавров, Тажикстандын Хамрохон Зарифи, Казакстандын Марат Тажин, ӨзбекстандынВладимир Норов, Кыргызстандын Эднан карабаевы өңдүү тышкы иштер министрлери катышты. (BuS)

XS
SM
MD
LG