Мындай пикирин Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жолугушууда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев билдирди. Бакиевдин айтымында, Кытай-Кыргызстан кызматташтыгы айрыкча транспорт, байланыш, курулуш жаатында жандуу өнугүп жатат. Кытай Эл республикасынын Кыргызстанга расмий сапары Кыргызстан үчүн маанилүү окуя болот деп билдирди президент. Кытайдын төрагасы Кыргызстанга расмий сапар менен ШКУ саммитинин алдында келери күтүлүүдө. (BuS)