Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ: ЧЕГАРАНЫ ЖООКЕРЛЕР ГАНА ЭМЕС, ЭЛ ДА КОРГОШ КЕРЕК


Өткөн жумада Ош облусунун губернатору Жантөрө Сатыбалдиев чегара аймактарындагы абал менен таанышып кайтканын “Азаттыктан” буга чейин кабарладык эле. Анда бир топ жерлер, мисалы Араван районунда өзбек жарандарына сатылып кеткени айтылган. Чегарадагы маселелер тууралу биздин суроолорго губернатор өзү жооп бергенге макул болду.

- Сиз абал менен таанышкандан соң тийиштүү органдарга дагы канча жер сатылып кеткенин аныктоону тапшырган экенсиз. Азыр анын жыйынтыктарын айта аласызбы?

- Бул жыйынтыктар эки паритеттүү комиссиянын гана жыйынтыгы менен аныкталат. Комиссия бүгүнкү күнгө чейин ишин бүтүрө элек. Аны бүткөндөн кийин гана биз корутунду чыгарабыз. Себеби биз канча жерге претензия коюп атсак, коңшу мамлекет да ошончо жерди биздики деп талаш болгон. Ошон үчүн паритеттүү комиссияга тез аранын ичинде иштеп берүүсүн өтүнүп кайрылып аткан убагыбыз.

- Сиздер өткөн жуманын этегинде Өзбекстандын чектеш аймактарынын башчылары менен көрүштүңүздөр. Жолугушуу кандай өттү, кандайдыр бир чечимдер кабыл алындыбы?

- Бул жолугушуу, мен ойлойм, көптөн бери эки элдин жетекчилери президент Курманбек Бакиев менен президент Ислам Каримовдун макулдугу менен өттү. Биздин үч облустун жетекчилери Өзбекстандын үч облусунун жетекчилери Фергана шаарында жолугуп, бардык ортодо болуп аткан проблемаларды жакындан тыгыз байланышта болуп, интеграция болушун самадык бардыгыбыз. Фергана өрөөнүнүн губернаторунун саммитине Кожент облусунун жетекчисинин да кошулушун максатка ылайыктуу деп ойлойбуз. Бул жерде бардык чегара, суу, жер, жайыт, маңзат, терроризм маселелеринде өзүбүздүн жыйынтыгыбызга келдик. Чогуу иштесек биздин элибиздин жыргалчылыгы, бейкутчулугу болот деген мааниге келдик.

- Чегарага байланышкан маселелердин дагы бири биздин Кыргызстандын атуулдарынын анклавдар аркылуу өткөн убакытта кездешкен паспорт маселеси болуп жатыптыр. Айди картасы менен өтүп атканда проблемалар болуп атыптыр. Сиз өткөн аптадагы жолугушууда өзбек тарабынан бул маселе боюнча мунасага келүү каалоосун сезе алдыңызбы?

- Алар дагы бул маселе тез аранын ичинде чечилсе деген ойду айтып атат. Бул маселелер Фергана өрөөнүнүн акимдеринин компетенциясына кирбегендигин, Бишкек менен Ташкенттин ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп атканын, тышкы иштер министрлери аркылуу жакын арада чечиле турганын биздин ошол жердеги элчибиз, Өзбекстандын тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тастыктады. Бирок бул проблема бар экенин бардыгыбыз так айттык.

- Мамлекеттер ортосунда чегара маселеси, албетте, оор суроолордон. Өзгөчө Фергана өрөөнүндө бул өтө курч туруп жатканы байкалууда. Ал жерлердеги райондордон кыргызстандыктар Казакстанга, Орусияга кетип атышса, алардын жерлерине өзбекстандыктар же тажикстандыктар келип жайгашып атышканын угуп атабыз. Дегеле аймактагы чегара маселесин көзөмөлгө алуу боюнча сиздин саясатыңыз кандай болот?

- Өткөн жумада биздин өрөөндө Курманбек Салиевич Бакиев иш сапары менен болгондо чегараны чыңдоо, коргоо министрлигинин эсебинен чегарачыларды көбөйтүү жагын биз сунуштадык. Себеби, чегара маселесинде биздин чегарачылар материалдык базасы да, саны боюнча да коңшу мамлекетке салыштырганда аздык кылып атат. Чегараны бир эле чегарачылар эмес, эл өзү да коргош керек. Ошон үчүн биздин сунушубуз боюнча айыл чарба кооперативдерин, айыл чарба артелдерин түзүүнү биз сунуштадык.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG